10:31
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

«Карагым», «Жайдарым», «Таарынчагым». Кыргыз ырларында эркелеткен сөздөр

Кыргыз эстрада ырчыларынын аткаруусундагы ырлардын дээрлик басымдуу бөлүгү сүйүү, ашыктык сезимдерине арналган. Алардын арасында жакын адамдарга болгон аруу тилекти, ыйык сезимди билдирген, эркелерди «эркелеткен» чыгармалар бар.

24.kg агенттиги бул ирет дал ушундай ырларды тизмектеди.

Жаным деп эркелеткен чыгармаларды аткаргандар көп болуп чыкты. Алардын сап башында Эмгек сиңирген артист Мирбек Атабеков турат.

«Жаным, тоолорго кетели,
Жаным, гүлдөрдү кечели.
Өзүң өмүрдүн тиреги
Жаным, бөлүнбөй жүрөлү», — дейт ырчы ашыгына.

Ырчылар Нурлан Насип, Элиза Орозова, Лутфилла Бусурманкул уулу, Мирбек Иманбековдун дагы аткаруусунда «жандары бар». Мындан тышкары быйыл баш кошуп түтүн булатышкан кош жылдыз Аваз Акимов менен Айдана Дека, Америкада жашап иштеп жүргөн ырчы Эрлан Андашев менен кыргызстандан чыккан, учурда Орусияда жашап жүргөн Ирина Шотт «Жаным» деп обон созуп, ырлары хитке айланган учур. Ырчы Дайыр Исмадияровдун болсо «Каражаны» жаңырып жүрөт.

Жакындарын канаттуулардын, жаныбарлардын аттары менен эркелеткендер бар. Алардын катарында Эмгек сиңирген артист Бек Борбиевдин «Боз торгою», Юлия Руцкаянын «Күкүгү», Болот Токтобаевдин «Каркырасы», Алтынбек Алымовдун «Ак кушу», Автандилдин «Ак куусу», Ильяз Андаштын «Ак чардагы», Түмөнбай Колдошов «Кайберени», Асанкалый Керимбаевдин «Ак маралы» бар.

«Сенсиң менин торгоюм,

Суук көздөн коргоюн.

Ысыгыңа жылытчы,

Суугуңа тоңбоюн», - деген Нурмат Садыровдун «Торгою» мындан 2 жыл мурун хит болгон.

Эркелетсе эбинен тайып таарынгандар бар. Аларга арналган Мурат Ниматовдун «Таарынчагым» ырын атасак болот.

Майрамбек Шакировдун «Ширини», Мелис Абдрашитовдун «Татынакайы», Айбек Касымовдун «Кымбаты» Добр «Секети», Темир Назаровдун «Садагасы», Сайкал Садыбакасованын «Асылы», Бактыгүл Бадыеванын «Жароокери», Бек Исраиловдун «Жан эрмеги» жана Малик Аликеевдин «Жалжалы» мыкты эркелеткен ырлардан.

Ар кимдики өзүнө, ай көрүнөт көзүнө деп жакынын ханыша деп эркелеткендер четтен чыгат. Буга мисал Абир Касеновдун «Принцессасы», Жакут Сыдыковдун «Периси», Эмил Балтагуловдун «Ханышасы» боло алат.

Гүлжигит Сатыбеков «Атыр гүлүм», Замир Арыкбаев «Оймосуң», ЖЕБЕ тобу «Белегимсиң», Самара Каримова «Уялчаагым», Чыңгыз Турдубеков «Жайдарым» деп эркелеткен чыгармаларды аткарып жүрүшөт.

Эң көп окулган жаңылыктар