14:05
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Хабаровскиде сабалган кыргызстандык мигранттар Орусиядан чыгарылат

Хабаровск шаарында ОМОНдун зомбулугуна кабылган 14 кыргыз мигранты Орусиядан чыгарылат. Алардын миграциялык эрежелерди сактабай жүргөнү аныкталып, сотто ушундай чечими кабыл алынганын Кыргызстандын консулу Кадырбек Мырзабаев 19-декабрда ырастады. 

Мигранттардын арасында орусиялык күч кызматкерлеринин ур-токмогуна арыздангандар бар.

Кадырбек Мырзабаевдин белгилешинче, консулдукка күч кызматкерлеринин ур-токмогу боюнча кайрылган 17 жарандын арыздарынын негизинде Хабаровск крайынын ИИМ башкармалыгында кызматтык териштирүү жүрүүдө. Жеке адвокат жалдап, укуктарын коргоо үчүн тергөө органдарына кайрылган кыргызстандыктар болгон эмес.

Эске салсак, буга чейин 24.kg агенттигине окурмандар Хабаровскто милиция автопаркта иштеген мигрант-таксисттерди катуу сабап салышканын билдиришкен. Анда 2 кыргызстандыктын ооруканага жаткырылганы маалымдалган.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби