20:03
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов журналисттер менен соттошот

Каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов «Кактус» сайтынын журналисттерин сотко берет. Бул тууралуу ал маалымат жыйында айтты.

Белгилей кетсек, соцтармакта Каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетовго окшош киши Бишкекте жасалма номурлуу (578 ACD) унаа менен жүргөн сүрөтү жарыяланган. Соцтармактын колдонуучулары рулда Алмаз Мамбетов, жанындагы айым анын орун басары экенин айтышкан. Бирок аткаминер муну четке каккан.

«Мындай жаңылыктарды таратуудан мурда, мага жана менин орун басарымдын жанына келип жүзүбүздү көрүшсө болмок. Биз албетте, «Кактус» менен соттошобуз. Азыр башка маалымат агенттиктерин иликтеп жатабыз. Маалымат Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын көзөмөл жүргүзүү борборунан алынган. Менде далилдер жана фактылар бар. Биз муну ким жасаганын да таптык. Бул кандай максатта жасалганын билбейм. Жакында чындыкты алып чыгабыз», — деди Алмаз Мамбетов.

Эске салсак, 10-декабрда милиция жалган номурлуу унааны башкарып жүргөн кишини аныкташкан. Бирок ал «Коопсуз шаардын» камерасында тартылып калган айдоочуга окшош эмес экени айтылууда.

 

Эң көп окулган жаңылыктар