05:02
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Активисттер ИИМден митингдин катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоону суранышты

Жарандык көзөмөлдөө комитети ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге #REакция 2.0 митингинин катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо талабы менен кайрылды. Тынчтык митинги бүгүн саат 11 жарымда Ала-Тоо аянтында башталат.

Буга чейин «Үмүт 2020» кыймылынын демилгечиси Ширин Айтматова ага Бишкекке Матраимовдун клубунан спортчулар келет деп айтышканын маалымдаган.

«Күбөлөр чынында эле 16-декабрда Ош-Бишкек аба каттамы аркылуу спорттук дене түзүлүштөгү жаш балдар келди дешүүдө. Оштун тургундары 18-декабрда боло турган митингде коопсуздук боюнча камсанап жатышканын билдиришти», — деп айтылат кайрылууда.

Митингде бажыдагы жемкорлук схемасы тууралуу маалыматтарды тараткан ЖМКларды сотко берүүгө каршы нааразычылыктар айтылат

Жарандык көзөмөлдөө комитети

Белгилей кетсек, соцтармактарда аталган митингге каршы кампания жүрүүдө. Анда тынчтык акциясын «гейлердин жөө жүрүшү» деп аташып, чагымчылдык уюштурган жатышат деп айтылат.

#REакция 2.0 митинги сөз эркиндигин колдоо макстында өтөт.

Эске салсак, 25-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «#REакция» жарандык акциясы өттү. Анын катышуучулары «Райым камалсын!», «Уурулардын орду түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!» деген ураандарды чакырып, бийликтен коррупция менен күрөшүүнү, жемкорлорду камоону талап кылышты. Ар кандай маалыматтарда миңден ашык киши келгени кабарланды.

 

 
Эң көп окулган жаңылыктар