11:44
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Ош базарындагы митинг. Соодагер өзүн өрттөйм деп коркутууда

Бишкектеги Ош базарында эркек киши өзүнө бензин куюп, өрттөнүп өлөм деп жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, ал киши учурда митинг өтүп жаткан «Берекет» базарында соодагер болуп иштейт. 

«Нааразычылык акциясына 100гө жакын киши чогулду. «Берекеттин» соодагерлери башка жаңы имаратка көчүүгө каршы. Алар базардын жабылышына каршылык көрсөтүшүүдө, бирок базардын жетекчилиги аларга эчак эле эскертүү берип келген», — деп билдиришти редакцияга.

Эске салсак, Ош базарынын соодагерлери «Берекет» ЖАКтын төрагасы Болот Бегалиев муниципалдык жерди 2010-жылы ижарага алып, аталган жайга соода комплексин куруп алганына нааразы. Орундарды ижарага алып келгендерди жаңы соода борборуна көчүүгө мажбурлап жатышат. Соодагерлер ЖАКтын жетекчилиги менен жаңы келишим түзүүдөн баш тартышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар