19:58
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кара-Сууда туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 463 бала билим алат

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 463 бала билим алат. Бул тууралуу облустук жыйында айтылды.

Маалыматка караганда, күбөлүгү жок балдардын саны жыл сайын өсүүдө.

«Өзгөн районунда документи жок 55 бала жашайт. Ноокатта 51 бала бар. 2 ай мурун тиешелүү адистерге тапшырма берилгени менен, өзгөрүү жок. Балдар мектепти аяктагандан кийин аттестат ала албай калышат», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар