16:09
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстанда 1 миң 200 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок

Кыргызстанда 1 миң 200 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бузуулар тууралуу кодексте «Баланын туулгандыгын каттоо мөөнөтүн бузуу» беренеси бар. Ага ылайык, айып пулдун көлөмү 1 миң сомду түзөт.

Өкмөт ушул жылдын 31-декабрына чейин калкты документтештирүү боюнча улуттук кампания өткөрмөкчү. Анын алкагында балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жөнөкөйлөтүлгөн тартипте, айып пулсуз берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби