22:48
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Новопокровканын тургуну баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай келет

Facebook социалдык түйүнүнүн колдонуучусу Наргиза Жумабекова Новопокровка айыл өкмөтү бир айдан бери балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк бербей келет деп нааразычылыгын билдирген.

Айтымында, айыл өкмөт кагаз жок деп билдирген.

«Же болбосо бул балдарга сүйүнчү алуу үчүн арыз бердирбөөнүн бир жолубу?» -деп жазган ал.

Мамлекеттик каттоо кызматы маселе маалымат берүүчү киоскко байланыштуу экенин айтты. Билдирүүгө ылайык, Новопокровкада 2 киоск бар, биринчисинде эч кандай көйгөй жок. Ал эми экинчисинде оператор жок болгондуктан, жакында эле жаңы кызматкерди жумушка алышкан. Анын азырынча базага кирүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, күбөлүк бере албайт. Качан гана кызматкер электрондук санариптик кол коюу алгандан кийин, документтер бериле баштайт.

Эң көп окулган жаңылыктар