19:02
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жарандардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча мамлекеттик орган түзүлөт

2020-жылдын 1-февралына чейин жарандардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча мамлекеттик органды түзүү тапшырмасын коем. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигинин Санариптешкен командалык борборунда өткөн жыйында билдирди.

«Мамлекеттин негизги милдеттеринин бири — бул ар бир жарандын эркиндигин, укуктарын жана жеке мүнөздөгү маалыматтарын коргоо. Ошондуктан жеке маалыматтарды мыйзамсыз аракеттерден коргоону камсыз кылуу зарыл. Жарандын макулдугусуз жеке маалыматтарды жайылтуу фактылары болбош керек», — деди өкмөт башчы.

Ал акыркы эки жылда республикада мамлекеттик кызматтарды жана процесстерди санариптештирүү саясаты жүрүп, санариптик технологияларды ишке киргизүү боюнча жумуштар аткарылып жатканын билдирди.

«2019-2023-жылдарга карата киберкоопсуздук боюнча стратегия кабыл алынды. Сот, прокуратура, укук коргоо органдары санариптештирүү процессине өткөрүлүп, КЖБР, ББР системалары иштеп жатат. Мониторинг борбору, «Бирдиктүү терезе» системасы, командалык борбор түзүлдү. Мамлекеттик чек аранын көзөмөл-өткөрүү жайларына видео байкоо системалары орнотулуп жатканын да кошумчалады. Былтыр биздин жетишкен ийгилигибиз — бул «Коопсуз шаар» долбоору болду. Биз биринчи баскычын жүзөгө ашырдык. «Коопсуз шаар» долбоорунун башкы максаты — бул коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын өмүрүн, ден соолугун сактоо, жол кырсыктарынын санын азайтуу болуп саналат», — деди премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев учурда «Коопсуз шаар» долбоорунун 7 облусту, республикалык маанидеги 2 шаарды, облустук жана райондук маанидеги 15 калааны, 73 калктуу пунктту камтый турган негизги этабын ишке ашырууга даярдык көрүлүп жатканын айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар