08:27
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Аткаминерлер канча айдоочу ишеним кат менен унаа башкарып жүргөнүн билишпейт

Жогорку Кеңештин отурумуна өкмөттөн чакырылган аткаминерлер Кыргызстанда канча айдоочу ишеним кат менен унаа башкарып жүргөнүн билишпейт. Отурумда «Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) тууралуу» Мыйзамдагы түзөтүүлөр жөнүндө талкуу болууда.

Депутат Аалы Карашевдин айтымында, бул одоночулук.

Анын депутат Айнуру Алтыбаева колдоп чыкты. Эл өкүлдөрү Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруунун иштеп кете турганынан шек санашууда. Эске салсак, камсыздандыруу полиси жок болгон учурда айып салууну жана мыйзамдын өзүн киргизүүнү 2021-жылга калтырып коюшкан.

Аида Исмаилованын пикиринде, жарандар кошумча чыгымдарга даяр эмес. Ал эми министрлер кабинети бул багытта эч кандай маалыматтык саясат жүргүзбөй эле.

Эң көп окулган жаңылыктар