18:44
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Пара алып жаткан жеринен кармалган инспектор үй камагына чыгарылды

Ноокат районунда 5 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган инспектор үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, пара менен кармалган К.З.нын бөгөт чарасы кечээ шаардык сотто каралган. К.З.нын ден соолугунун начар экендигине байланыштуу, Ош шаардык ооруканасынын кардиология бөлүмүнө жатып калганын жана жашы жете элек эки баласын эске алып, сот аны үй камагына чыгарды.

Эске салсак, Ноокат районунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын тескөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалган.

Эң көп окулган жаңылыктар