14:04
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Саймаитинин өлүмү. Депутаттар ИИМ, УКМК жана Каржы полициясынан маалымат сурашты

Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин айланасындагы окуяларды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия ИИМ, Башкы прокуратура, УКМК, ТИМ жана Каржы полициясынан керектүү маалыматтарды алгандан кийин ишке киришет. Бул үчүн тапшырма талабы жөнөтүлгөн. Маалыматты 24.kg агенттигине комиссиянын башчысы Талант Мамытов билдирди. 

Анын айтымында, толук кандуу отурум кийинки жумадан башталат. Ага журналисттер дагы катышмакчы. Мамлекеттик бажы кызматынын мурдакы төрагасынын орун басары Раимбек Матраимовду чакырасыздарбы деген суроого Талант Мамытов «бул комиссия мүчөлөрүнүн кабыл алган чечимине байланыштуу болот» деп жооп берди.

Комиссиянын иштөө мөөнөтү аныктала элек.

Белгилей кетсек, «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн «Азаттык», Kloop жана OCCRP жарыялады. Анда Айеркен Саймаити Стамбулда октябрь айында жолугушуп, маек курганы айтылат. Бирок, Матраимовдорго тиешелүү «Исмаил Ата» фондуна которгон акчалар боюнча документтерди бере албай калгандыгы маалымдалат. Маекте Саймаити Кытайдан алынып келинген товарлар кыргыз бажысында арзан баада катталып өтүп турганын, ал үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын мурдакы төрагасынын орун басары Раимбек Матраимов акча алып турганын айткан. 

Эң көп окулган жаңылыктар