02:56
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Саймаитинин өлүмү. Чуулгандуу «Абдыраз» компаниясынын кылмыш иши жашыруун

Түркияда киши колдуу болуп каза болгон кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия өз ишин баштады.

Бүгүн отурумга Улуттук банктын, Бажы кызматынын жана Каржылык чалгындоо кызматынын өкүлдөрү чакырылды.

Депутаттар Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевге суроо беришти. 2011-жылы негизделип, 2015-жылы кайра каттоодон өткөн «Абдыраз» компаниясы, түзүлгөн жылдан бери бюджетке болгону 38 миң 700 сом төккөнү маалым болду. Бул 2012-жылы бир жолку төлөм болгон.

Кабыл Абдалиевдин айтымында, Каржы полициясы тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында каражаттын келип түшүүсү боюнча баардык документтер иликтенүүдө. Ошондой эле декларацияланбаган эсептер текшерилип жатат. Маалымат жашыруун болгондуктан, депутаттарга кат түрүндө гана берилиши мүмкүн.

ЖМК өкүлдөрүнө салыкчылар бул маалыматты жашыруун деп, берүүдөн баш тартышты.

Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Каржылык чалгындоо кызматынын аткаминерлери 700 миллион доллар — бул мамлекеттик бюджеттин акчасы эмес дешти. Алардын айтымында, ал каражаттар биздин республикадан чыгарылган эмес. Учурда мекеме чыгарылган каражат кимге тиешелүү экенин тактап жатат.

Белгилей кетсек, Түркияда уйгур тектүү Кытай жараны Айэркен Саймаитини 10-ноябрда кечинде Стамбул шаарындагы отелдин багында атып кетишкен. Ал алган жаракаттарынан ооруканада көз жумган.

Эң көп окулган жаңылыктар