11:59
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Аткезчилик схемасы. УКМК Ширин Айтматова менен депутаттарды суракка алат

УКМКга «Үмүт-2020» саясий кыймылынын түзүүчүсү Ширин Айтматова, депутаттар Алтынбек Сулайманов жана Дүйшөн Төрөкулов сурак берүүгө чакырылды.

Маалыматка караганда, мекемелер аралык тергөө тобу журналисттик иликтөө материалы боюнча Башкы прокуратурада Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Адам өмүрүнө кол салуу» беренеси менен катталган сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдө.

Бүгүн суракка «Азаттыктын» 2 журналистин чакырышкан. Мындан сырткары президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү- президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов, азыркы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана президенттин жана өкмөттүн иштеринин башчысы Турдуназир Бекбоев суракка алынмакчы.

«Азаттык Медиа» мекемеси коомчулукта резонанс жараткан соңку журналисттик иликтөөлөрүнө байланыштуу укук коргоо органдары менен кызматташууга даяр экенин белгилейт. Ушундан улам күбө катары суракка чакырылган журналисттер чет өлкөдө болгондугуна карабастан скайп аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүүгө даяр экендигин билдирет.

Белгилей кетсек, «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн «Азаттык», Kloop жана OCCRP менен ишке ашырып жарыялаган эле. Анда Айеркен Саймаити Стамбулда октябрь айында жолугушуп, маек курганы айтылат. Бирок, Матраимовдорго тиешелүү «Исмаил Ата» фондуна которгон акчалар боюнча документтерди бере албай калгандыгы маалымдалат. Маекте Саймаити Кытайдан алынып келинген товарлар кыргыз бажысында арзан баада катталып өтүп турганын айтат. Ал үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын мурдакы төрагасы Раимбек Матраимов акча алып турган.

Эң көп окулган жаңылыктар