21:07
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Саймаитинин өлүмү. Жеке ишкерди өлтүрүү тапшырмасын Сириянын жараны берген

Алдын ала билдирүүгө ылайык, кытайлык жеке ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрүү тапшырмасын Сириянын жараны берген. Бул тууралуу депутаттык комиссиянын отурумунда УКМКнын тергөө башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Сагынбек Самидин уулу билдирди.

Анын айтымында, Айеркен Саймаитинин өлүмүнө тапшырык берген киши террордук ишмердүүлүккө тиешеси бар.

«Биз түркия тарап менен эки тараптуу жардам берүү принциби боюнча байланышып жатабыз. Биз аларга өтүнүч жибергенбиз, алар бизге жөнөтүштү. Алдын ала маалыматка таянсак, өлтүрүү тапшырмасын берген киши — Сириянын жараны, ал эми аткаруучу — Өзбекстандын жараны», — деди Сагынбек Самидин уулу.

ИИМдин маалыматы боюнча, Айеркен Саймаитиге 2017-жылдын 23-майында кайсыл бир жарандын арызынын негизинде кылмыш иши козголгон.

«Али Джиган аттуу бирөө Айеркен Саймаитинин үстүнөн 3 миллион доллар алып, кайра кайтарбай жатат деп арызданган. Саймаити кылмыш иши козголгонго чейин эле Кыргызстандан чыгып кеткен», — деди ИИМ башчысынын орун басары Мирлан Каниметов.

Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

 
Эң көп окулган жаңылыктар