02:52
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Саймаитинин өлүмү. Депутаттар Али Токтакуновго суроолорун Скайп аркылуу беришет

Түркияда киши колдуу болуп каза болгон кытайлык жеке ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия «Азаттык» радиосунун журналисти Али Токтакуновго суроолорун Скайп аркылуу беришет. Бул тууралуу комиссиянын бүгүнкү отурумунда маалым болду. 

«Азаттыктын» Бишкектеги бюросунун директору Айзада Касымалиеванын айтымында, Али Токтакунов Прагада болгондуктан, комиссиянын отурумуна катыша албай калды.

«Биз Скайп аркылуу байланышты уюштура алабыз. Ушундай эле сунуш менен укук коргоо органдарына да кайрылдык», — деди ал.

Буга чейин Али Токтакуновду УКМКнын сурагына чакырышкан. Ал чет жерде болгондуктан, келе алган эмес.

Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар