20:24
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Саймаитинин өлүмү. Былтыр өлкөдөн 88 миллион доллар чыгарылган

2019-жылы өлкөдөн 88 миллион доллар чыгарылган. Бул тууралуу Түркияда киши колдуу болгон кытайлык жеке ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын отурумунда Бажы кызматынын өкүлү айтты.

Анын маалыматы боюнча, «Азаттык» менен Kloop сайттарынын иликтөөсүндө айтылган ысымдар декларацияланган акча которуулардын тизмесинде жок.

«Менин колумду болгону 2017-жылдан берки маалыматтар. Анда декларацияланган 70 миллион долларды чыгарып кетишкен. 2018-жылы — 159 миллион доллар, былтыр — 88 миллион доллар чыгарылган. Бул тизмеде журналисттердин материалында айтылган кишилер жок», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар