Кыргызстандагы банктардын биринин кардарынан 5 миллион сомдон ашуун каражатты алган алдамчыны Якутиядан кармашты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
34 жаштагы кыргызстандык аял мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.
2019-жылы Ак-Суу районундагы банктардын биринин филиалында башкы адис болуп иштеген аял 3 жарандын 5,3 миллион сомдон ашуун акчасын алып качып кеткен. Маалыматка караганда, ал каржы мекемесинин кызматкери болуп иштеп турганда 100дөгөн жарандарды алдап кеткени айтылууда. Ысык-Көл ОИИББ 147 кишинин арызын каттоого алган.
Чыгымдын жалпы суммасы 38 миллион сомду түздү.
Изделип жаткан М.А. Минск конвенциясына ылайык экстрадициялоо үчүн камакка алынды.