02:51
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Саймаитинин өлүмү. Депутаттык комиссия Райымбек Матраимовду суракка алышы мүмкүн

Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин айланасындагы окуяларды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөлөрү ведомстволор аралык тергөө тобунун (УКМК, ИИМ, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматы) өкүлдөрүн угушат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жогорку Кеңештен билдиришти.

Депутаттардын айтымында, суроолор тергөө органдарына жиберилди.

«Бирок биздин укуктар чектелүү, биз тергөөнүн функциясын алмаштырып «жашыруун» деген грифти алып жүргөн маалыматты жарыялай албайбыз. Бирок биз Түркиянын прокуратура кызматкерлерин дагы суракка алабыз. Бизде дагы суроолор бар: эгер Саймаитинин алдамчылык тууралуу кылмыш ишине катыштыгы болгон болсо, 2017-жылы ага издөө жарыяланса, эмнеге бул убакыт аралыгында эч кандай маалымат берилген эмес. Демек схема 2017-жылга чейин иштеп турган. Эгер Кыргызстандан 932 миллион доллар чыгарылып кетсе, дагы ким жоопко тартылат? Суроолор абдан көп. Биздин алдыга коюлган тапшырма- саясий жана юридикалык баа берүү», — деди депутат Мирлан Жээнчороев.

Комиссия Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовду дагы суракка алышы мүмкүн. Комиссиянын иштөө мөөнөтү алдын ала такталган- бир ай. Отурум журналисттердин катышуусунда өтөт.

Белгилей кетсек, «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн «Азаттык», Kloop жана OCCRP жарыялады. Анда Айеркен Саймаити Стамбулда октябрь айында жолугушуп, маек курганы айтылат. Бирок, Матраимовдорго тиешелүү «Исмаил Ата» фондуна которгон акчалар боюнча документтерди бере албай калгандыгы маалымдалат. Маекте Саймаити Кытайдан алынып келинген товарлар кыргыз бажысында арзан баада катталып өтүп турганын, ал үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын мурдакы төрагасынын орун басары Раимбек Матраимов акча алып турганын айткан. 

Эң көп окулган жаңылыктар