17:10
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Саймаитинин өлүмү. Искендер Матраимов депутаттык комиссиянын курамынан чыкты

Бажыдагы коррупциялык схемаларга байланышкан журналисттик иликтөө боюнча бир тууган Жогорку Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын курамынан чыкты. Бул тууралуу ал «Азаттык», Kloop жана OCCRP жарыялаган иликтөө боюнча билдирүүсүндө айтат.

Ал «Азаттык» биринчи иликтөөсүндө жасалма документтерди колдогонун белгилейт.

«Экинчи иликтөөсүндө дагы ошондой эле каралоону уланткан. «Булактарыбыз айтты, атын айткандан коркту» деген мисалдарды келтирген», — дейт Искендер Матраимов.

Анын пикиринде, иликтөөнү Айеркен Саймаитинин көрсөтмөлөрүнө негиздөө туура эмес.

«Алдамчылык жана мыйзамсыз иштер менен алектенген Айеркен Саймаити — иликтөөнүн булагы. Саймаитинин сөзүн бекемдеди деген маалыматтары анонимдүү кишилер. Анонимдүү маалыматты ишенимдүү булак деп жарыялоо туура эмес. Алар жөн гана кылмышка шектүү адамдын сөздөрүнө таянышкан. Оор кылмышка шектелген алдамчы адамдын маалыматтары менен бизди каралоо максаттуу жүрүп жатат», — дейт депутат.

Искендер Матраимов Стамбул шаарында өлтүрүлгөн Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча кечээ парламентте түзүлгөн комиссиянын курамынан чыккандыгын дагы билдирди. 

Белгилей кетсек, «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн «Азаттык», Kloop жана OCCRP менен ишке ашырып, кечээ түнү жарыялады. Анда Айеркен Саймаити Стамбулда октябрь айында жолугушуп, маек курганы айтылат. Бирок, Матраимовдорго тиешелүү «Исмаил Ата» фондуна которгон акчалар боюнча документтерди бере албай калгандыгы маалымдалат. Маекте Саймаити Кытайдан алынып келинген товарлар кыргыз бажысында арзан баада катталып өтүп турганын айтат. Ал үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын мурдакы төрагасы Раимбек Матраимов акча алып турган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби