20:37
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

«Азаттыктын» иликтөөсү. Президентти бул чөйрө менен байланыштыруу аракети

Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы чакырылган коноктордун тизмесин Алмазбек Атамбаевдин аппараты түзгөн. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Анын айтымында, Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болуп иштеп турган кезде, 2012-жылы Ош шаарында инвесторлорду тартуу максатында «Кичи жана орто бизнести өнүктүрүү» деген форумда 300дөн ашык ишкерлердин катарында Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусунун губернатору Фархат Турду менен чогуу Хабибулы Абдукадырдын иниси менен таанышкан.

«Форумдан кийин Сооронбай Жээнбеков аны экөө менен чогуу ошол кездеги өлкөнүн президенти Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болушкан. Кийин, 2017-жылы иниси аркылуу Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбековдун Хабибуллы Абдукадыр менен жалпы таанышуусу болгон. Андан кийин алардын Алмазбек Атамбаев менен мамилеси кандай өнүктү, бул тууралуу Жээнбековго белгилүү эмес», — дейт ал.

Толгонай Стамалиева журналисттик иликтөөдө «бул иштердин активдүүлүгү 2012-2016-жылдарга тиешелүү» деп белгиленгендигин, тактап айтканда бул Алмазбек Атамбаевдин президент болуп турган маалында болгонун айтат.

Ар кандай күчтөр президент Сооронбай Жээнбековду бул журналисттик иликтөөдө айтылган чөйрө менен байланыштырууга аракет кылат деген пикирдебиз. Ошондуктан, президент Сооронбай Жээнбековдун Хабибулы Абдукадыр менен чогуу бизнес-долбоорлору болгон эмес жана жок экендигин расмий билдиребиз

Толгонай Стамалиева.

Толгонай Стамалиева журналисттерде Хабибулы Абдукадыр менен Сооронбай Жээнбековдун байланышы боюнча далили болсо ачык айтылмагын белгилейт.

Ал эми Хабибулы Абдукадырды инаугурацияга Алмазбек Атамбаевдин аппараты чакырганын айтат.

«Анткени, өлкөнүн шайланган Президенти С. Жээнбековдун инаугурациясын уюштуруу иштери, анын ичинде чакырылгандардын тизмесин түзүү жана отургузуп, жайгаштыруу маселелерин толугу менен президенттин, тактап айтканда Алмазбек Атамбаевдин аппараты тескеген», — дейт ал.

Стамалиеванын айтымында, Сооронбай Жээнбековго инаугурцияда бөлүнүп берилген орундар чектелүү болгондуктан, ал туугандарын гана чакырган.

«Ошондуктан материалда келтирилген жагдайларга көңүл бурулат. Албетте, укук коргоо органдар материалда айтылган жүйөөлөрдү эске алат», — дейт Толгонай Стамалиева.

Эң көп окулган жаңылыктар