08:26
USD 88.36
EUR 95.26
RUB 0.96

Кыргызстан Түркиядан Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөөгө жардам сурады

Кыргызстан Түркиядан Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөөгө жардам сурады. Бул тууралуу президенттин аппараты билдирди.

Маалыматка караганда, Башку прокуратурага Айеркен Саймаитинин өлүмүн тергөөгө алат.

«Айеркен Саймаитинин ысмы Кыргызстан менен байланышып жаткандыктан, анын кыргыз жараны эмес экендигине карабастан, кыргыз тарап анын өлтүрүлүшүн иликтөө иштерине катышат», — дейт президенттин маалымат кызматы.

Эскерте кетсек, Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Аны өлтүрүүгө шектүү катары үч адам Түркияда кармалган.

Эң көп окулган жаңылыктар