12:06
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстан-Тажикстан. «Ак шумкарлар» социалдык баракчасына оюн алды эмне жазды

Бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын футбол командаларынын беттеши өтөт. Азия чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагындагы оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00до башталат.

«Ак шумкар» командасынын оюнчулары оюн алдында социалдык тармактагы күйөрмандарына дем беришти.

Топтун жетекчиси Валерий Кичин күйөрмандарынын ийгилик каалап, колдоп жөнөткөн видео-фотолору менен бөлүшкөн.

Айтмакчы, Кичиндин инстаграмдагы баракчасындагы «кыргыз арстаны» деген сүрөт турат.

Команданын кенжеси Гүлжигит Алыкулов «биз даярбыз» деп машыгуудан сүрөтүн жүктөдү. Мирлан Мурзаев билектеги күчүн көрсөтүп, топ менен тааныштырган роликти жайгаштырды.

Фархад Мусабеков күйөрмандарды оюнга чакырган. Виталий Люкс, Темирлан Козубаев күйөрмандарынын калоолору менен бөлүшкөн.

Ал эми Футбол федерациясынын баракчасында Тажикстандын курама командасынын машыгуусу менен танышууга болот. 

Эң көп окулган жаңылыктар