15:34
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Саймаитинин өлүмү. Депутаттар өлкө коопсуздугун жабык жыйында карайт

Жогорку Кеңеште жабык жыйын өткөрүү сунушталды. Депутат Дастан Бекешов өлкөдөгү коопсуздук маселесин өз алдынча талкуулап алуу керектигин билдирди.

«Биз ички сырткы маалыматтык коопсуздук маселесин талкуулашыбыз керек. Бул Айэркен Саймаитинин өлүмүнө гана байланыштуу эмес. Биз дос өлкөлөрдүн маалыматтык сайттарында дагы Кыргызстандын коопсуздугу жөнүндө ар кандай кептер айтылууда», — дейт эл өкүлү.

Парламентке бүгүн саат 14.00 премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чакырылган.

Белгилей кетсек, Түркияда уйгур тектүү Кытай жараны Айэркен Саймаитини 10-ноябрда кечинде Стамбул шаарындагы отелдин багында атып кетишкен. Ал алган жаракаттарынан ооруканада көз жумган.

Айэркен Саймаити Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковдун унаасында жүргөндүгү аныкталды. Президент башкы консулду кызматынан бошотту.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби