01:46
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Саймаитиге мыйзамсыз паспорт берген кызматкерге карата кылмыш иши токтотулду

Свердлов райондук соту Айеркен Саймаитиге мыйзамсыз паспорт берген кызматкерге карата козголгон кылмыш ишин токтотуу тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу Каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш мөөнөтүнөн өтүп кеткендигине байланыштуу.

Прокуратура бул чечимге даттанууга даяр. 

Эске салсак, кытай жараны Айеркен Саймаитиге жасалма кыргыз паспортун жаздырып берүү фактысына байланыштуу сотко чейинки өндүрүш быйыл июль айында башталып, Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисине айып тагылган.

Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума