18:34
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

УКМК: Айеркен Саймаити журналисттерге акча төлөп жалдаган

Стамбул шаарында атып өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаити «Азаттык» медиасынын журналисттерине 100 миң доллар төлөгөн. Бул тууралуу бүгүн депутаттык комиссиянын жыйынында УКМК өкүлү Сагынбек Самидин уулу билдирди.

Анын айтымында, Айеркен Саймаити ишкер Хабибулла Абдукадырдан акчасын өндүрүп алуу үчүн журналисттерге кайрылган.

«Күбөлөрдүн айтымында, ал «Азаттыктын» журналисттерине дагы кайрылган. 100 миң доллар берген», — дейт ал.

Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар