00:29
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Саймаитинин өлүмү. Төрөбай Зулпукаров Сопоковдун уулу менен иштегенин тастыктады

Түркиядагы Кыргызстандын мурунку башкы консулу Эркин Сопоковдун уулу депутат Төрөбай Зулпукаровдун жардамчысы болуп иштеген. Бул тууралуу соцтармакта жарыяланды. 

«БеспределKG» баракчасында Азамат Мамасалиев — Сопоковдун уулу делет. Ал депутат Төрөбай Зулпукаровдун жардамчысы. «Азамат Мамасалиев УКМКнын кызматкери болуп турганда пара алып жаткан жеринен кармалган», — деп айтылат маалыматта.

YouTube каналга УКМКнын опер кызматкери 1993-жылы туулган Азамат Мамасалиев 18 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган факты боюнча видео жарыяланды. Ал пара алганын мойнуна алган эмес. Айтымында, аны «жөн жерден» кармашты. Ролик 2017-жылдын 13-мартында чыккан. 

Депутат Төрөбай Зулпукаров 24.kg агенттигине Азамат Мамасалиев жардамчы болуп иштегенин, бирок ал азыр эмне иш менен алектенерин жана кайда экенин билбей тургандыгын айтты. 

«Азамат Мамасалиев — Эгемберди Эрматовдун (драматург) небереси жана Эркин Сопоковдун уулу. Ал чынында эле УКМКда, андан кийин менин колумда иштеген. Аны эмнеге иштен бошотушканын билбейм. Азыр кайда иштеп жатканынан дагы кабарым жок», — деди депутат.

Эске салсак, Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Аны өлтүрүүгө шектүү катары үч адам Түркияда кармалган.

Эң көп окулган жаңылыктар