12:02
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Саймаитинин өлүмү боюнча депутаттык комиссия Матраимов менен Сулаймановду угат

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов менен Алтынбек Сулайманов депутаттык комиссиянын эмки жыйынына катышат. Бул тууралуу журналисттерге Талант Мамытов билдирди.

Анын айтымында, комиссиянын жыйындары бизнесмен Айеркен Саймаитиге байланыштуу баардык маалыматтарды иликтеп чыгат.

«Мамлекеттик кызматтарга жана Түркияга тийиштүү каттар жөнөтүлгөн. Алардан келген жоопко ылайык кишилер чакырылып турат. Эмки жыйынга Искендер Матраимов менен Алтынбек Сулайманов чакырылды. Райымбек Матраимовго чакыруу жөнөтүлө элек. Өткөн жыйында анын жактоочулары «Азаттык» алардын билдирүүлөрүнө көңүл бөлбөй бир тараптуу иликтөө жүргүзүп жатканын айткан. Андыктан бир алардын дагы маалыматын уккканга даярбыз», — деди Искендер Матраимов.

Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар