18:49
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектүүлөр кармалды. Аларды кыргызстандык дешүүдө

Түркиянын Адана шаарында кытайлык Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу түркиялык ЖМК жазды. 

Маалыматка караганда, ишкердин өлүмүнө шектүүлөр өлкөдөн качып кетүүгө аракет кылган жеринен колго түшүрүлдү. Алар чек арадан өтүп Сирияга жашынууну пландашкан.

«Атайын операциянын жүрүшүндө кыргызстандык 2 жаран- Хусеин Ахметалиев жана Абдулла Энвер, ошондой эле Сириянын жараны Али Исбехи кармалды», — деп айтылат билдирүүдө. Шектүүлөр Аданадан Стамбулга алынып келинди.

Белгилей кетсек, Түркияда уйгур тектүү Кытай жараны Айэркен Саймаитини 10-ноябрда кечинде Стамбул шаарындагы отелдин багында атып кетишкен. Ал алган жаракаттарынан ооруканада көз жумган.

Эң көп окулган жаңылыктар