00:22
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Октябрга чейин ИДПнын көлөмү 454,9 миллиард сомду түздү

Ушул жылдын башынан октябрга чейин ИДПнын көлөмү 454,9 миллиард сомду түздү. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 5,7 пайызга көп. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү, өткөн жылдын январь-октябрынын деңгээлинен 3,3 пайызга ашуу менен 406 миллиард сом өлчөмүндө түзүлдү.

«ИДПнын өсүшү негизинен өнөр жай, курулуш тармактары, айыл чарба жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товар өндүрүү тармактарынын өткөн жылдын январь-октябрына салыштырмалуу өсүү темпи 109 пайызды, ал эми кызмат көрсөтүү тармактары — 102,8 пайызды түздү», — деп билдиришти комитеттен.

Эң көп окулган жаңылыктар