03:18
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Өлкөдөгү жолдорду чет өлкөлүк эмес жергиликтүү компаниялар курушу керек

Өлкөдөгү баардык жол иштери бир схема боюнча аткарылууда: тендерди чет өлкөлүк компаниялар утуп алат, ал эми иштегендер кыргызстандыктар. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бюджет жана финансы боюнча комитеттин отурумунда айтты.

Маселени депутат Төрөбай Зулпукаров көтөрүп чыкты. Ал курулуш иштерин жергиликтүү компаниялар аткарышы керектигине көңүл бурду. Эгер Кыргызстан жолдун курулушу же реконструкциясы үчүн насыя ала турган болсо, анда каражатты өзү тескеши керек.

«Сиз коррупциялык иштер тууралуу айтып жатасыз. Биз азыр Маданият - Жалал-Абад аймагын кароодобуз. Чынында эле тендерди чет өлкөлүк компания утуп алып, ишти жергиликтүү кызматкерлер аткарган учурлар бар. Президент бул фактыны иликтөөгө тапшырма берди. Баардык жол иштери, ал тургай түндүк-түштүк альтернативдүү жол бир схема боюнча иштейт. Мисалы, итальялык компания утуп чыкты, бирок ал жакта итальялыктардын бири дагы жок, жалаң биздикилер иштеп жатат», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эң көп окулган жаңылыктар