10:14
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Панфилов районунда дайынсыз жоголгон Андрей Радионов изделүүдө

Чүй облусуна караштуу Панфилов районунда 4 айдан бери дайынсыз жоголгон 38 жаштагы Андрей Радионов изделүүдө. 

Андрей Радионов 1981-жылы туулган. Ал ушул жылдын 13-августунда аталган райондогу Орто-Суу айылына жакын капчыгайга бал челек кармап иштейм деп кеткен бойдон дайынсыз.

Өзгөчо белгилери: бою 198 см, чачы ачык түстө, оң кашында тырыктын тагы бар. Бүкүрөйүп басат. Жайкы кийимдерди кийип жүргөн.

Изделип жаткан жаран тууралуу маалыматты билгендер болсо, төмөнкү номурларга байланышса болот: 102, 0557 08-03-83, 0551 19-02-48, 0559 90-80-48.

Эң көп окулган жаңылыктар