12:06
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Милиция Франциядан келген саякатчы Флорентина Кариерди издөөнү улантууда

Милиция Франциядан келген саякатчы Флорентина Кариерди издөөнү улантууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, изделип жаткан аялдын жолдошу арызды ала элек. Буга чейин издөөдөгү аялдын тааныштары 24.kg агенттигине Флорентина Барскоон капчыгайынан табылды деп билдиришкен. Айтымдарында, аларга бейтааныш эркек чалып, саякатчы айым табылганын жана Барскоондо кала турганын айткан.

Эске салсак, кечээ чет элдик жарандын жоголгондугу тууралуу маалымат тараган. Ал бир жумадан ашуун убактан бери байланышка чыккан эмес. Акыркы жолу аны 9-октябрда Бишкектен көрүшкөн.

Эң көп окулган жаңылыктар