22:06
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Чүйдө 17 жаштагы Кундуз Кубатбек кызы изделүүдө

Ысык-Ата РИИБсы белгисиз жоголгон 17 жаштагы Кундуз Кубатбек кызын издеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, кыз Ивановка айылындагы үйүнөн 17-октябрда чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 168-170 сантиметр, орто дене түзүлүштө, көздөрү күрөң, ичке, алдыңкы эрдинде кал бар. Ошол күнү кызыл-жашыл түстөгү колго түюлгөн кардиган, көгүш түстүү рубашка, джинсы шым жана кроссовка кийип жүргөн.

Кундуз Кубатбек кызы тууралуу маалымат билгендер төмөнкү номурга чалып койсо болот: 0312616907, 0707257902 же 102.

Эң көп окулган жаңылыктар