09:54
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Сокулук районунда дайынсыз жоголгон өспүрүм изделүүдө

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда дайынсыз жоголгон өспүрүм изделүүдө. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 20-августта 16 жаштагы Алтынбек уулу Эржигит Сокулуктагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Бою 165-168 сантиметр, чачы кыска, кара түстө, көздөрү күрөң.

Ошол күнү ак футболка, көк джинсы, кара ботас кийип жүргөн. ОИИББдан билдиришкендей, өспүрүм буга чейин үйүнөн качып жүргөн.

Өспүрүм тууралуу маалымат билгендер төмөнкү номурларга байланышса болот: 0312607567, 0558861486, 0709353529 же 102.

Эң көп окулган жаңылыктар