05:04
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Прокуратуранын ишине нааразы болгондор «Ак үйдүн» алдына митингге чыгышты

Прокуратуранын ишине нааразы болгон бишкектиктер «Ак үйдүн» алдына митингге чыгышты. Алар президенттин атына жана Жогорку Кеңешке кайрылуу даярдашты. 

«Биз Башкы прокуратура тарабынан жасалган мыйзамсыздык фактыларын карап чыгууну суранабыз. Мисалы, биз кимге арыздансак, ошолорго кайра биздин арызды жиберип коет. Көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарынын жалпы үлүштүү менчиктерин кайтарып берүү маселесин чечпейт. Мындан тышкары мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакчалар жана башка соцобъекттерди кайтаруу маселесин чечкен жок», — деди «Биздин укук» коомдук фондунун өкүлү Светлана Антропова.

Биздин фонд 2 жылдан бери тротуарды тосуп калган Каржы полициясынын тосмосун алып салуу маселеси менен кайрылып келет. Эмне үчүн укук коргоо органдары жалпы пайдалануучу жерди мыйзамсыз ээлеп алууга болот?

Светлана Антропова

Нааразы болгондордун катарында Олег Зенин да бар. Ал үйүнүн жанына 9 кабаттуу үй курууну пландап жатышканын айтат.

«Биз жеке курулуш районунда жашайбыз. Бир дагы көп кабаттуу үй жок. Көп кабаттуу үй курабыз дегендерге башка жактан уруксат беришкен, бирок курулушту таптакыр башка жакка салабыз деп жатышат. Прокуратуранын ою боюнча, кварталда 5 район бар, мындан улам куруу долбоору каралган», — деди Олег Зенин. Анын айтымында, тургундар 2015-жылдан бери соттошуп келишит.

Жыйынга 6-кичи райондун тургундары да келишкен. Алар Жаңгак багынын жанына көп кабаттуу үйдүн курулушуна каршы экенин билдиришүүдө.

Чогулгандарга парламенттин кызматкерлери чыгып, алар менен Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин эксперти жолуга турганын айтышты.

Эң көп окулган жаңылыктар