Краснодарск аймагында Орусиянын мамлекеттик автоинспекциясы багажында документи жок жарандарды ташып бара жаткан"Мерседес" үлгүсүндөгү кичи автобусту токтотушту. Бул тууралуу Орусиянын ЖМКсы жазды.
Маалыматка караганда, унаанын ичинде айдоочу жана 3 жүргүнчү болгон. Алар Якутиядан Кыргызстанга келе жатышкан. Багаждан документи жок 3 жаранды табышты.
Билдирүүгө таянсак, кармалган жарандар Орусиянын аймагында миграциялык мыйзамды бузуп жүрүшкөн. Аларды полиция бөлүмүнө алып келип, административдик протокол түзүштү.
Унаанын айдоочусу дагы тахограф жана камсыздандыруусуз жүргөнү үчүн жазаланат. Мындан тышкары унаанын ичиндеги 3 жүргүнчү коопсуздук курларын тагынышкан эмес, ошондуктан айдоочуга кошумча айып салынмакчы.