Режиссер Ырыс Окенова Ленин райондук сотуна «Азаттык» радиосу боюнча доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу «Журналисттер» коомдук бирикмеси билдирди.
Маалыматка караганда, Ырыс Окенова радио кызматкерлеринин кечирим сурашын талап кылууда. Ошондой эле буга чейин радиодо жарыяланган «Акшоола» сериалын тартууга 250 миң доллар корогон деген маалыматты төгүндөшүн күтүп жатат.
Арыз ээсинин айтымында, акчалай компенсация талап кылынбайт, бирок доо дагы толукталышы мүмкүн.
Ырыс Окенованын айтымында, макаланын автору менен байланышканда, ал болгону текстти которгонун билдирген.
Эске салсак, буга чейин КТРКнын кызматкери Ырыс Окенова кызматтан арыз жазып кеткенин соцтармакка жазган.Орус тилиндеги маекте мен телесериалдын каржылануусу тууралуу айткан эмесмин. Журналисттин билдирүүсү боюнча, жетекчилиги аны кыргыз тилине которуп жарыялоону тапшырган. Кыргызча варианты ушундай чуу чыгарды
Ырыс Окенова