Миңдеген кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө көп жылдар боюу баш көтөрбөй иштеп, өз жыргалчылыктары жана эс алуудан баш тартып, кийин мекенине кайтып келгенде убактысы текке кеткенин түшүнүшөт. Себеби үйү жок, бизнеси же акчасы жок, баягы эле таз кейпинде экендигин байкайт.
Бул сценарий көптөгөн мигранттарга тааныш. Анткени кыйынчылык менен табылган акча жөн эле жок болуп кетет. Анын себеби кирешенин аздыгы эмес, тескерисинче, туура эмес башкарылган чыгымдар, көзөмөлдүн жоктугу жана адам көбүнчө байкабай калган жоготуулар болушу мүмкүн.
Биз каржылык сабаттуулук боюнча машыктыруучу Жылдыз Базаркуловадан бул жаман айлампаны кантип токтотууну сурадык.
Чет өлкөдө иштегенде акчаны кантип үнөмдөөнү жана которуу боюнча этап-этабы менен көрсөтмөлөрдү окуп чыгыңыз. Акчаны натыйжалуу жана туура үнөмдөө үчүн бир нече эрежелерди сактоо керек:
Эреже № 1: «Коопсуздук жаздыгыңыз» тууралуу унутпаңыз
Ар бир айлык акыңыздын жок дегенде 10-20 пайызын сактап коюңуз. Мунун максаты — чет өлкөдө бир-эки ай жашоого (батир акысы жана тамак-аш) жете тургандай акча топтоо, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл болот. Эгер сизге бир нерсе болсо, үй-бүлөңүздөн акчаңызды кайтарып берүүнү же өтө жогору пайыздык чендер менен насыя алууну суранбайсыз.
Эреже № 2: Акча эсепти жана максатты сүйөт
Көп учурда кандай болот? Кимдир бирөө беш жыл маңдай тер төгүп, иштеп келет. Келсе, акчасы жок. Акча болсо үй-бүлөнүн күнүмдүк чыгымдарында, оңдоп-түзөө иштеринде жана тойлордо жок болуп кетет. Ошондуктан, чет өлкөгө кетээрден мурун үй-бүлө, туугандарыңыз менен алдын ала макулдашып алыңыз. Эгер сиз миграция учурунда тапкан акчаңызды үй-бүлөңүзгө жөнөтсөңүз, анын кантип сарпталаарын тактаңыз. Качан, кимге жана канча жөнөткөнүңүздү жазып алыңыз. Ошондой эле үй-бүлөңүздөн негизги ири чыгымдарды жазып коюуну сураныңыз. Бул, сиз «унаага акча топтоп жатам»- деп ойлоп жүрөсүз, бирок үй-бүлөңүз сизди жөн гана жашоо чыгымдары үчүн акча жөнөтүп жатат деген жаңылыш кырдаалга түшпөөгө жардам берет. Которууларыңыз эки бөлүккө бөлүнүшү керек:
- Күнүмдүк жашоо чыгымдары (мисалы: тамак-аш, транспорт, интернет, ижара акысы ж.б.).
- Максаттуу топтогон аманаттарыңыз. Бул батир сатып алууга, үй курууга же балдардын билим алуусуна кеткен каражат болуп саналат.
Эреже № 3: «Жети өлчөп, бир кескен» каржылык чечимдерди кабыл алыңыз
Адатта, мигранттар акча топтоо үчүн үч валютанын бирин — доллар, евро жана рубль же алардын айкалышын тандашат. Ар биринин өзүнүн артыкчылыктары жана кемчиликтери бар. Аларды эң пайдалуу вариантты аныктоо үчүн талдоо керек:
Доллар — дүйнөдөгү эң туруктуу жана күчтүү валюта; ал дүйнө жүзү боюнча колдонулат жана күтүүсүз өзгөрүүлөргө аз дуушар болот. Бул узак мөөнөттүү аманаттар үчүн эң жакшы вариант (батир, билим алуу же өзгөчө кырдаалдар үчүн фонд). Бирок, сиз эгер Орусияда иштесеңиз, долларды тез-тез сатып алуу ыңгайсыз болушу мүмкүн.
Евро — туруктуу валюта, бирок эгер сиз Европага саякаттоону же ал жерде окууну пландап жатсаңыз, бул ылайыктуу болуп саналат. Кемчилиги — ал долларга караганда туруксуз болушу мүмкүн жана КМШ өлкөлөрүндө аны алуу дайыма эле оңой боло бербейт.
Рубль — кыска мөөнөттүү топтоо үчүн ыңгайлуу, эгерде сиз Орусияда иштеп, ал жакка акча коротуп, аны кайра Кыргызстанга жөнөтсөңүз туура келет. Кемчиликтери болсо рубль анча туруктуу эмес, узак мөөнөттүү топтоо кооптуу болуп саналат.
Сом — эгер сиз Кыргызстанда сатып алууларды жасоону же чыгымдарды алдын ала пландаштырууну пландап жатсаңыз, сом ылайыктуу болот.
Көпчүлүк мигранттар үчүн оптималдуу үнөмдөө планы:
- Эгер сиз Орусияда иштеп жатсаңыз, 60-80 пайызы доллар жана сом менен (узак мөөнөткө үнөмдөө) ал эми 20-40 пайызы рубль менен (күнүмдүк чыгымдар + алдыдагы которуулар)колдонуңуз.
- Эгер сиз башка өлкөдө (Корея, Түркия, Европа) иштеп жатсаңыз, жергиликтүү валюта адатта туруксуз болгондуктан, доллар же евро менен үнөмдөө туура болот.
Ошентип, негизги принцип төмөнкүдөй болот: акчаңызды корото турган өлкөнүн валютасында сактаңыз. Эгерде максатыңыз Кыргызстанда кыймылсыз мүлк же башка ири сатып алуулар болсо, анда бир бөлүгүн доллар менен экинчи бөлүгүн сом менен сактай аласыз. Эгерде максатыңыз окуу же Европага иммиграция болсо, анда сизге евро керек болот.
Эреже № 4: Акча иштеши керек.
Акчаңыздын «активдүү» бөлүгүн төшөгүңүздүн астында накталай сактабаңыз, анткени ал жерде «шашылыш муктаждыктар» үчүн оңой эле коротууга болот.
Топтолгон акчаңызды инвестиция кылыңыз:
- Россиядагы же Кыргызстандагы кадыр-барктуу банктардагы банктык депозиттер инвестициялоонун эң этият түрү болуп саналат. Мигранттар каражаттарынын бир бөлүгүн Россиядагы эсептерде/депозиттерде (айлык акы, учурдагы чыгымдар жана шашылыш муктаждыктар үчүн топтоо), ал эми калганын Кыргызстандагы депозиттерде (үй-бүлөлүк, узак мөөнөттүү топтоо жана ири сатып алуулар үчүн) сактай алышат. Артыкчылыктары: депозиттерди коргоо (Россияда 1,4 миллион рублга чейин, Кыргызстандагы 1 миллион сомго чейин); туруктуу киреше; мөөнөтүнөн мурда жабуу мүмкүнчүлүгү. Кемчиликтери: инфляциядан төмөн киреше болот.
- Накталай акча жана электрондук капчыктар/эсептер дагы тобокелдик аз сактоо варианты болуп саналат. Накталай акча менен 20-30 пайызын, калганын чет элдик валюта эсебинде же картада сактоо жакшы. Артыкчылыктары: ыкчам жетүү жана Кыргызстанга ыңгайлуу которуулар. Кемчиликтери: жоготуп алуу же туура эмес сактоо коркунучу, коопсуздук чаралары талап кылынат.
- Алтын куймалары/алтын банк эсептери. Булар бөлүштүрүлбөгөн металл эсептери (БМЭ), тыйындар же банктык куймалар болушу мүмкүн. Артыкчылыктары: алтын ондогон жылдар бою өз баасын сактай алат, валюта курстарынан көз каранды эмес, диверсификациялоо үчүн топтолгон акчанын 10-20 пайызын сактоого болот же майда куймаларда аз өлчөмдө сактоого ылайыктуу. Кемчиликтери: баасы өзгөрүшү мүмкүн, сатып алууда/сатууда акчаны жоготуп алуу коркунучу бар, куймаларды тез сатуу кыйын, депозит сыяктуу пайыздар жок, сактоо чыгымдары колдонулат (үйдө сактоо кооптуу, ал эми банкта сактоо үчүн акы талап кылынат), депозиттерди камсыздандыруу системасы менен камтылбайт.
Эреже № 5: Насыя алуудан мурун эки жолу ойлонуңуз.
Барган өлкөдө мигранттардын көбүнчө кредиттик тарыхы жок, бул ылайыктуу насыя алууга тоскоолдук жаратат. Банктар чет элдиктер үчүн пайыздык чендерди төлөй албай калуу коркунучунан улам жогорулатышы мүмкүн. Микрофинансылык уюмдар (МФУ) өзгөчө эки же үч эселенген пайыздык чен менен насыя берүүгө жакын.
Жоопкерчиликтүү насыя берүү боюнча кеңештер:
- Кирешеңизди кылдаттык менен баалаңыз. Реалдуу түрдө төлөй ала тургандан көп насыя албаңыз. Ай сайын төлөй турган төлөмүңүз кирешеңиздин 30–40 пайызынан аз же барабар болушу керек.
- Ар кандай банктардын шарттарын жана эрежелерин салыштырып көрүңүз — пайыздык чендер, тейлөө акылары жана кечиктирилген төлөм үчүн айып пулдар. Андан көрө ачык-айкын шарттары жана эрежелери бар ири, ишенимдүү банкты тандаганыңыз оң болот.
- Кирешеңиз кайсы валютадан болсо, насыяны ошол валютада алыңыз. Эгерде айлыгыңыз рубль менен болсо, насыя да рубль менен болсун. Сизде чет элдик валютадагы туруктуу киреше болбосо, чет элдик валютадагы насыялардан алыс болуңуз.
- Күтүлбөгөн чыгымдар үчүн резерв түзүңүз. Төлөмдөрдү кечиктирбөө үчүн жок дегенде бир же эки айлык төлөмдөрдүн резерви болушу шарт.
- Келишимди толугу менен окуп чыгып, суроолорду бериңиз. Бардык пайыздык чендер, төлөмдөр, айып пулдар, төлөө шарттары, мөөнөтүнөн мурда төлөө жол-жоболору жана кечиктирилген төлөмдөр үчүн айып пулдар жөнүндө тактаңыз. Эгерде күмөн санасаңыз, юристке кайрылыңыз. Түшүнбөгөн документтерге эч качан кол койбоңуз. Кат алышуулар, төлөм жана келишимдердин бардык далилдерин сактап коюңуз.
- Насыяларды зарыл максаттар үчүн гана колдонуңуз. Чакан чыгымдарга же башка насыяларды төлөө үчүн карыз албаңыз. Насыя турак жай, билим берүү же бизнес баштоо сыяктуу кирешелүү жана стратегиялык максатта берилиши керек.
- Кредиттик тарыхыңызды көзөмөлдөңүз. Насыяларды өз убагында төлөп туруңуз. Бул жакшы кредиттик кадыр-баркты калыптандырып, келечекте жагымдуу насыяларга мүмкүнчүлүк ачат.
Эреже № 6: Жашыруун жоготууларды эсептеңиз:
Көптөгөн мигранттар которуу ыкмасын бир гана критерийге таянып тандашат. Ал комиссиянын өлчөмү. Эгерде банк «0 пайыз» десе, биз кубанабыз. Бирок бул иллюзия. Банктар көп учурда түз комиссиялардан эмес, валюта курсунун айырмачылыктарынан акча табышат.
Адегенде «Жөнөтүү» баскычын басуудан мурун, үй-бүлөңүз ала турган жалпы сумманы сом менен текшериңиз. Аны эки же үч башка тиркемеден же которуу системаларын салыштырып көрүңүз. Кээде 50-100 рублдук комиссия конвертациянын жакшыраак көрсөткүчүн сунуштайт жана үй-бүлөңүз начар баадагы «акысыз» которууга караганда көбүрөөк акча алат. Ошондой эле, санариптик ыкмаларды (мобилдик тиркемелерди) колдонуңуз жана тааныштар аркылуу накталай акча жөнөтүүдөн алыс болуңуз — бул кооптуу жана көп убакытты талап кылат.

