17:27
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Санкт-Петербургда кыргызстандык айдоочу маршрутка менен трамвайды сүздү

Санкт-Петербургда К-235 маршрутканын айдоочусу Сапарбек Темирбаевди трамвайды сүзүп алгандыгы үчүн кармашты. Бул тууралуу «Новости Петербурга» билдирди. 

Telegram-канала РУ
Фото Telegram-канала РУ

Кырсыктан 15 киши жабыркап, ооруканага жеткирилди. Алардын арасында жаш балдар бар.

ИИМдин аймактык башкармалыгынан билдиришкендей, кыргызстандык жаран Жол кыймылынын эрежесин бузуу тууралуу кылмыш иши боюнча шектелүүдө. Шектүүнү тергөө абагына киргизүү каралууда.

Маалыматка таянсак, Сапарбек Темирбаев кесилиш жолго жол чырактын кызыл күйүп турганына карабай чыга калган.

Эң көп окулган жаңылыктар