19:38
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жогорку Кеңештин иштөө мөөнөтүн 3 жылга чейин кыскартуу сунушталды

Жогорку Кеңештин иштөө мөөнөтүн 3 жылга чейин кыскартуу керек. Бул тууралуу «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Бакыт Төрөбаев «Марал» радиосуна билдирди.

Анын пикиринде, чакырылыштын иштөө мөөнөтүн кыскартуу тууралуу маселени 2020-жылы чечсе болот. Депутат өлкөдөгү Баш мыйзамга карата өзгөртүү жана түзөтүүлөрдү киргизүүгө мораторий аяктап жатканын эскертти.

Бакыт Төрөбаев мындай демилге көтөрүп жаткан себебин, эл депутаттардан 2-3 жылдан кийин тажап калгандыгына байланыштырды. «Жогорку Кеңеш сапаттуу жана жемиштүү иштеген күндө да, баары бир эл депутаттардан тажап калышат», -деп кошумчалады ал.

Жогорку Кеңеш — Кыргыз Республикасынын парламенти — мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү орган. Жогорку Кеңеш партиялык тизме боюнча беш жылдык мөөнөткө шайлануучу 120 депутаттан турат.

Кезектеги парламенттик шайлоо кийинки жылдын 4-октябрында өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар