13:34
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жалал-Абадда унаанын айнектерин караңгылатып айдагандарга айыппул салынды

Жалал-Абад облусунда унааларынын айнектерин караңгылатып айдаган 9 айдоочуга айыппул салынды. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

19-октябрда Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда саат 15:00дөн 18:00гө чейин рейд жүргүзүлдү.

Анда унаанын алдыңкы терезелерин караңгылатып айдап бара жаткан айдоочулар токтотулган. Алар үлпөт той картежин коштоп бара жатышканы маалым болду.




Эң көп окулган жаңылыктар