USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Транспорт эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдан түшкөн киреше беш эсеге өстү

09:15, 08 июля 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда транспорт эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдан түшкөн киреше беш эсеге өстү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Бюджетке 41,3 миллион сом түшкөнү такталган. Бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу беш эсеге көп (8,8 млн сом).

Ведомстводон билдиришкендей, өткөн айда Жер жана суу транспорту башкармалыгы тарабынан жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташыган 96 миң 978 унаа текшерилген. 890 мыйзам бузуу катталган.

Контролдоо стационардык жана көчмө пункттардын жайгашкан жерлеринде, автобустук каттамдардын акыркы аялдамаларында жана транспорттук иштин башка чөйрөлөрүндө жүргүзүлөт.

Эске салсак, буга чейин транспорттук көзөмөл пункттарында инспекторлордун иш-аракеттерине жана транспорттук көзөмөл процессине мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү обзордук видеокамералар орнотулган. Бул көрсөткүчтөрдүн жакшырышына таасирин тийгизген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика