23:45
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Сооронбай Жээнбеков Токио шаарына келди

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн иш сапары менен Токио шаарына келди. Ал Япониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле иш сапардын алкагында, президент менен Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ жолугушат. Мындан тышкары, Япониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана Японияда жашаган мекендештер менен кездешет. 

Эң көп окулган жаңылыктар