14:42
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жээнбеков: Шайлоо алдында ар кандай күчтөр жанданып жатат

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен Сочи шаарында жолугушту. Бул тууралуу эки өлкөнүн жетекчилеринин маалымат кызматтары кабарлады.
 
Маалыматка караганда, Владимир Путин Россия ар бир көз карандысыз өлкөнүн эгемендүүлүгүн урматтаарын жана Кыргызстан менен союздаш жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди улантаарын баса белгиледи.
 
«Сиз билесиз, биз Сиздин, Кыргызстандын жетекчилигинин өлкөдөгү ички саясий туруктуулукту бекемдөө боюнча жасаган күч-аракеттерин дайыма колдойбуз. Сиздин бул аракетиңиз уланат деп ишенебиз. Биз Сизди Мамлекет башчысы катары, Кыргызстанды жана анын элин колдоп, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн алдыга койгон ири максаттарды ишке ашырууда колдойбуз», — деди Путин.
 
Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди коронавирус инфекциясына каршы вакцинанын дүйнөдө биринчи катталганы менен дагы бир жолу куттуктап, анын жакын арада Кыргызстандын жарандары үчүн да жеткиликтүү болооруна ишенимин билдирди.
 
Кремлдин маалыматында, Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда парламенттик шайлоо алдында ар кандай күчтөр жанданганын айтып, аларды «өлкөнүн туруктуулугуна жана өнүгүүсүнө каршылык көрсөтүп жаткандар» деп атады.
Эң көп окулган жаңылыктар