20:30
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Сооронбай Жээнбековдун иш сапары Венгрияда уланууда

Сочидеги жолугушуудан кийин Сооронбай Жээнбеков Венгрияга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта Будапешт шаарына Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен бейформал кечки тамактануу өткөнү айтылат.

Расмий визиттин алкагында Сооронбай Жээнбеков Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Визиттин алкагында Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондусун түзүү жөнүндө меморандумга жана эки тараптуу кызматташуу жөнүндө башка документтерге кол коюлат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын катышуусунда Будапешт шаарындагы гүлбакка Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу аземи болот.

Расмий визиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Президент Янош Адер жана Улуттук Жыйындын Төрагасы Ласло Кёвер менен дагы жолугушат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Венгриядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Бакыт Жусупов, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов, каржы министри Бактыгүл Жээнбаева, экономика министри Санжар Муканбетов.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби