07:44
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

ЖЕЭК жыйыны. Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербургга учуп кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

ЖЕЭКтин жыйындарында чакан жана кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрүнөн сырткары КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу өтөт.

Кыргызстандын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана экономика министри Санжар Муканбетов бар.

Эң көп окулган жаңылыктар