11:04
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Сооронбай Жээнбеков Япониянын императорунун такка отуруу аземине катышат

Кечээ президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Японияга учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сооронбай Жээнбеков Япониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат.

Ошондой эле иш сапардын алкагында, Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуу пландалган. Мындан тышкары, президент Япониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана Японияда жашаган мекендештер менен жолугушат.

Эң көп окулган жаңылыктар