06:25
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ооганстандагы этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди

Ооганстандагы Кичи жана Улуу Памир аймагында жашаган этникалык кыргыздарга Кыргызстандан гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Гуманитардык экспедиция памирлик кыргыздарга азык-түлүк, жылуу кийим-кече, жылытуу мештери, дары-дармек, медициналык буюмдар жана башка эң керектүү болгон товарларды жеткирди. 

Бул үчүн өкмөт 5 миллоин сом бөлгөн. Жалпы жүктүн салмагы 70 тоннаны түздү.

Гуманитардык экспедициянын курамындагы медицина кызматкерлери андагы элди медициналык кароодон өткөрүп, төрөт кабыл алып жана катуу ооруп жаткандарга шашылыш жардамдарды көрсөтүштү.

Мындан тышкары гуманитардык экспедициянын мүчөлөрү Кичи жана Улуу Памирдин тургундары менен жолугушуу өткөрүп, анда Кыргызстандын аймагынан балдарына билим берүү маселесин талкуулашты. Кыргыз тарап бул маселеге жардам берүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Эң көп окулган жаңылыктар