07:34
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

ЖККУ Ооганстандагы террордук топтордон кооптонууда

Ооганстандагы террорчулардын активдешүүсү ЖККУга кирген өлкөлөр үчүн коркунуч туудурууда. Бул тууралуу «Интерфакс» Орусиянын коопсуздук кенешинин катчысы Николай Патрушевге шилтеме берип билдирди.

«Активдешип жаткан террордук уюмдар ЖККУга кирген өлкөлөрдүн чек араларына жакын. Ооганстандын түндүгүндө боевиктердин жалпы саны 15-20 миңге жакын. Ал эми Тажикстан менен чектешкен аймактарда алардын саны 7 миңге чукул», — деди Николай Патрушев.

Анын айтымында, Ооганстандагы абал диний экстремисттик уюмдардын активдешүүсүнөн улам начар.

«Ооганстандагы террордук уюмдар Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстанга кирип келүү коркунучу бар. Балким террордук топтор жаштарды экстремисттердин катарын толуктоого үндөшү мүмкүн», — деди Николай Патрушев.

Эскерте кетсек, ЖККУнун курамына Армения, Беларусия, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикистан кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар